Депутат мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи.
Ага ылайык, окутуу баштапкы мектепте (1–4-класстарда) кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан ары кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч тилдүү окутууну киргизүү өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектиги айтылган.
"Кыргыз тили улуттук аң-сезимди, жарандык өзүнчөлүктү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоодо негизги фактор катары колдоо табууда. Ал эми расмий статусу бар орус тили өлкөдөгү көп улуттуу жарандардын ортосунда байланыш тили катары маанилүү ролду ойнойт. Англис тили — глобалдашкан дүйнөдө илим-билимдин, бизнес жана технологиянын тили болуп саналат", — деп айтылат негиздемеде.
Демилгечи белгилегендей, өлкөдө билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан үч тилде окутууну киргизүүгө бардык негиздер бар. Мындан тышкары, англис тилин кеңири үйрөнүү өлкөнүн туризм, технология, бизнес тармактарында да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү кошумчаланган.
12 жылдык окуу. Билим берүү министри бакалавриаттын мөөнөтү кыскарарын айтты