ТИМ: Кыргызстан БУУнун маанилүү позицияларына шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органдарына мүчө болуп шайланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болуп эсептелет.
Кыргызстан төмөнкү органдарга мүчө болду:
Баңгизат каражаттары боюнча комиссия – 2026–2029-жылдар;
БУУнун Балдар фондунун (UNICEF) Аткаруучу кеңеши – 2026–2028-жылдар;
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу (ISAR) – 2025–2027-жылдар.
"Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен.
Бул мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык баңгизаттарга каршы күрөшүү саясатын түзүүгө активдүү катышууга, балдардын укуктарын коргоо программаларына таасир этүүгө жана эсеп жүргүзүү жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет (бул инвестицияларды тартуу жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү).
Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту