БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Манас" аэропортуна бараткан жолдо 49 дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, 49 дарак — кара жыгач жана мажүрүм тал мыйзамсыз кыйылганын аныкташкан.
Мэрия дарактарды кыйгандар алдын ала эч ким менен макулдашпаганын кошумчалады.
"Ар бир дарактын диаметри ченелип, экологдор тарабынан айып пулдун суммасы чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.