БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкектеги №67 мектептин биринчи кабаты менчиктештирилип кеткени боюнча Свердлов райондук прокуратурасы текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, имаратта "Нова" окуу борбору жайгашкан.
"Совет доорунда пайдаланууга берилген бир катар бөлмөлөр кийинчерээк менчиктешип кеткен. Текшерүүнүн алкагында анын мыйзамдуулугу иликтенүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бишкектин чок ортосундагы №67 мектептин биринчи кабаты 49 жылга ижарага берилгенин айтып, түйшөлүүсүн билдирген.
"Аталган мектеп норма боюнча 1300 балага ылайыкталган, бирок учурда 3000 бала окуйт. Кабинеттер жетишпей жаткан учурда мектептин бүтүндөй биринчи кабаты 49 жылга жеке тарапка ижарага берилген. Мындай шартта балдарыбыздын билим сапаты кандай болот?" — деп суроо салган эл өкүлү.