БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Дональд Трамп киргизген бажы алымдарынан улам АКШ рецессияга туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу JPMorgan Chase банкынын экономисти Майкл Феролиге таянып Bloomberg кабарлады.
"Бажы алымдарынын киргизилишинен улам реалдуу ИДП төмөндөшү күтүлүүдө. Реалдуу ИДПнын өсүшү -0,3 пайыз болот деп болжолдоп жатабыз. Бул мурдагы 1,3 пайыздык божомолго караганда төмөн", — деген экономист.
Феролинин айтымында, болжолдонуп жаткан рецессия жумуш менен камсыздоону жайлатып, келечегинде АКШдагы жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Эске салсак, шаршембиде Трамп импортко бажы алымдарын киргизген. Анын эң төмөнкүсү 10 пайыз деп белгиленген. АКШнын соода өкүлчүлүгүнүн түшүндүрмөсүнө ылайык, бул соода балансын камсыздоо максатында кабыл алынган. Бул чаралар колдонулган мамлекеттердин катарында Борбор Азиянын өлкөлөрү: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар. Ал эми Россия менен Беларусь бул тизмеде жок. АКШнын каржы министри бул өлкөлөр менен соода жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеп, аларга бажы алымы киргизилбегенин түшүндүргөн.