БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, нөшөрлөп жамгыр төгө турганы болжолдонууда, мындан улам тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл жеринде 12…17, Нарын чөлкөмүндө 14…19 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош шаарында 22…24 градустка жетет.