БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жүзүн жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мыйзамда коомдук жайларда никаб, паранжа сыяктуу жүзүн жаап жүргөн кийимди кийүүгө тыюу салынган, ал үчүн 20 миң сом каралган. Айрымдар аны сактабай жатканы айтылган.
Тиешелүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар туура кабыл алганы кошумчаланды.