БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Венгриянын Эл аралык кылмыш сотунан чыкканына нааразы болгон Европа өлкөлөрү Эстония, Латвия жөө аскерлерге колдонулуучу миналарга тыюу салынган конвенциядан, ал эми Литва чачырама октон баш тарткан конвенциядан чыкканда унчукпай турган. Бул туурасында Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды.
Ал Европа мамлекеттеринин кош стандарттуулук мамилесин белгилеген.
"Эл аралык кылмыш сотунан чыкканыбыз туурасында айтсак, жолугушуу учурунда мага эч нерсе дешкен жок. Бирок бир күн бою ушул теманы талкуулашты. Финляндия, Польша жана Балтика боюндагы өлкөлөр жөө аскерлерге пайдаланылчу миналарга тыюу салган Оттава конвенциясынан чыгарын жарыялаганда бирөөнүн да билдирүү жасайм деп умтулганын байкаган жок элем... Литва биздин союздаш болуп туруп кассеталык октор боюнча Дублин конвенциясынан чыгарын кабарлаганда азыркыдай талкуулагандарды көргөн эмесмин", — деп Сийярто венгр журналисттерине НАТО өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынынан кийин айтып берген.