БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган парад 8-майда өтөт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, аскердик парад "Ала-Тоо" аянтында болот.
Ал эми 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.