Милиция кызматкерине 4000 доллар пара берүүгө аракет кылган киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган делип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Е. аттуу жаран өзүнүн шектүү макамын күбө деп өзгөртүү үчүн 4 миң доллар сунуштаган. 40 жаштагы киши 2-апрелде 325 миң сом берип жатканда колго түшүрүлгөн.
Факт боюнча "Пара берүү" беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Нарын университетинен 300 студент чыгарылып, мугалимдер жазаланды. Чоо-жайы