БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Шайлоо боюнча конституциялык мыйзам тууралуу өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда сунушталган шайлоо күрөөсүн 300 миң сомго көтөрүп, аны кайтарымсыз кылуу карапайым адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоолдук жаратат.
"Үгүтчүлөрдү 1000 кишиге чейин жалдоого уруксат берүү туура эмес. Анткени талапкер 1000 адам менен 3 миллион сомго келишим түзүп, "үгүт кылбай эле туугандарың менен эле добуш берсең жетет" деп айтышы мүмкүн. Натыйжада бул мыйзамдуу добуш сатып алууга айланып калат. Ошондо юридикалык жактан да, факт жүзүндө да парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал шайлоо фондунун чегин 20 миллион сомго чейин көтөрүү да бул көйгөйдү күчөтөрүн белгиледи.
Эске салсак, мыйзам долбоору боюнча, 30 округ түзүлүп, ар биринен үч депутат шайланат. 90 мандаттын 30у аялдар үчүн квота катары сакталат.