БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев Иорданиянын Россиядагы элчиси Халид Шавабка менен жолугушту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө иорданиялык тарап Евразия экономикалык биримдиги менен соода жана инвестиция тармагында өз ара кызматташууну бекемдөөгө, ошондой эле эркин соода келишимин түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
“Биз бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана кабыл алынган чечим тууралуу Иорданияга кабарлайбыз”, — деди Слепнев.
Мындан тышкары, 2017-жылы түзүлгөн ЕЭК менен Иордания өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошону менен бирге иорданиялык тараптын тиешелүү байланыштарды активдештирүү демилгеси колдоого алынды.