ЕАЭБ Европа менен Борбор Азиянын алакасын өнүктүрүүчү платформа боло алат

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. ЕАЭБ Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы алаканы өнүктүрүү үчүн платформа боло алат. Бул тууралуу ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Европалык бизнес-ассоциациянын конференциясында билдирди.
Иш-чарага ишкерлер, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышып, Арзуманян Борбор Азиянын Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердеги ролуна токтолду. Ал Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө, ал эми Өзбекстан байкоочу макамга ээ экенин эске салды.
"Бизде негизги багыттардын бири — реалдуу секторду колдоо жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Комиссия машина куруу, мунай-газ жабдууларын чыгаруу, жеңил өнөр жай, химия тармактарында жана башка багыттарда кооперациялык чынжырчаларды түзүп жатат", — деди Арзуманян.
Ал Борбор Азия мамлекеттери ресурстарга бай экенин, акыркы жылдары аймакта өнөр жай тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Айтымында, бул ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратса, экинчи жагынан, Европадан инвестиция тартууга жол ачат.
ЕЭК өкүлү аралаш каржылоо инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылып жатканын кошумчалады.
РКӨФтүн өнөктөштөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту эки эсе көбөйттү