БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Учурда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин жыйынтыктарын кайрадан карап чыгуу аракеттери болууда. Бул тууралуу РФ Мамдумасынын вице-спикери, "Жеңиш 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов билдирди.
Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргыз улуттук университетинде өткөн "Агартуу десанты: Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөштөгү биримдик" аталышындагы иш-чарага катышты. Чернышовдун айтымында, тарыхый чындык үчүн күрөштү улантуу зарыл.
"Тарыхый чындыкты кийинки муунга жеткирүүнү улантышыбыз керек. Бүгүн "Жеңиш 9/45" аттуу көргөзмөнү өткөрүп жатабыз, ал тарыхый эс тутумга арналган. Айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жакындаган сайын эстеликтерге байланыштуу суроолор курчуп жатат. Кээ бир мамлекеттер тарыхты кайра жазууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Россия менен Кыргызстан бир тарапта ата-бабаларыбыздын эрдиги унутулбашы үчүн аракет кылып жатабыз. Биз тарыхты бурмалоого жол бербейбиз", — деди ал.