Бүгүнкү күндө өлкө боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ишканасында 1 миллион 585 миң кардар бар. Анын ичинен бир миллион 472 миңден ашыгы — жай тургундар. Бул тууралуу Исабек Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 120 миң абонент жеке өндүрүштүк ишкана, мекеме болуп эсептелет.
"Калктын ичинен эң төмөнкү тариф менен электр кубаттуулугун алуучу социалдык катмар бар. Мисалы, 63 500 кардар "үй-бүлөгө көмөк" тарифи менен 700 кВт/саатка чейин 56 тыйындан төлөйт. Тоолуу аймактарда жашаган 185 миң абонентке 1,11 тыйындан эсептелет. Ал эми көп көлөмдөгү электр энергиясын керектеген кардарлар үчүн "лимитсиз" тарифи иштейт. Азыр бул тарифти 4 500 абонент чектөөсүз пайдаланат. 10 133 кардар өндүрүш, 4 786 айыл чарба багытында, 3 785 кардар бюджеттик тармак, 93 464 кардар коммерциялык багытта иш алып барат", — деди Орозбаев.
Ал белгилегендей, 2024-жылы 30 миң жаңы кардар кошулган.
"Калктын 80 пайызы — 700 кВт/саатка чейин колдонгондор. Электр энергиясынын көп бөлүгүн ушул катмар колдонгондуктан жоготууларды азайтуу максатында акылдуу эсептегичтер ушул абоненттерге коюлат. Республика боюнча 2024-жылы 124 000 акылдуу эсептегич орноттук. Учурда жалпы 400 миңге жакын эсептегич иштеп жатат. 2024-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 500 миң акылдуу эсептегич сатып алынган. 2025-жылы булардын баарын коюп бүтүрүшүбүз керек. Түштүк кореялык KOIKA программасынын негизинде 10 миң акылдуу эсептегич келди, эми аларды Сокулук районуна орнотобуз" , — деди Орозбаев.
Ал алдыда дагы 130 миң даана эсептегич сатып алынарын кошумчалады.