Кыргыз спортуна 100 жыл — Олимпиаданын алтын медалына карай жол уланууда

Sputnik
Кыргыз спортуна 2025-жылы 100 жыл толду. Ата мекендик спортту өнүгүү жолу жеңил болгон жок. Ага карабастан эл аралык аренада кыргызстандык спортчулар дайыма жогорку көрсөткүчтөргө жетип, күчтүү мектеп кура алды. Учурда массалык спортту өнүктүрүү, өлкөдөгү инфратүзүмдү жакшыртуу, заманбап спорттук имараттарды куруу, жаңы чемпиондорду даярдоо сыяктуу бир катар иштер турат.
Кыргыз спортунун тарыхы жана бүгүнкүсү тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов маек курду.