Баткен мандариндин мекенине айланабы? – Айыл чарба министрлигинин сыноолору кандай жүрөт?

Sputnik
Кыргызстанда мандариндер өстүрүлө баштаса өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет. Мындай пикирин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов билдирди. Анын айтымында Баткенде мандариндин жаңы сорттору атайын ыкманын негизинде сыноо пландалууда. Анын алкагында суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алып келинип, ачык талаада жана жылууланган жайларда өстүрүлөт. Сыноо эки жыл жүргүзүлөт. Окумуштуулардын алдын ала изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстандын климаты мандаринди өстүрүп, түшүм алууга ылайыктуу.