Кыргызстанда 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башы эмнегедир балдар арасында кургак учук, кызамык оорулары жайылып эпидемиологиялык кырдаал жаралды. Мунун себеби эмдөө албагандык экенин дарыгерлер эскертет. Акыркы кезде ар кандай көз караштардан улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйдү.
Негизи эле учурда вакцинациялоо жаатында өлкөдөгү абал кандай, кайсы оорулардын кыскарышына эмдөө шарт түзүп жатканы жана башка суроолор менен мейманыбыз Гүлзада Дадановага кайрылып, маектештик.