Президент Садыр Жапаров "Учкун" ачык акционердик коомуна барып, анын ишмердүүлүгүн көрдү. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу китептерин чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынып, инфратүзүм жаңыртылган. Бул өз кезегинде өндүрүштү күчөтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачары айтылды. Учурда ишкана модернизацияланып, жаңы шартта иштеп жатат.
Жалпы технологиялык процесстердин коопсуздугу, өндүрүштүк көлөм, басма иши тууралуу “Күн башат” программасында маек болду.