БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйындар залын оңдоо иштери 1-майдан башталат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Ал май-июнда жалпы жыйындар өкмөттүн мурдагы имаратында өтөрүн билдирди.
"Эки ай ошол жакта иштеп, каникулдан кийин сентябрда оңдолгон залга кайтып келебиз. Жаңыланган залга жаңы электрондук система киргизилет, Face ID дагы болушу ыктымал", — деди Бекешев.
Парламенттин маалымат кызматы Face ID ишке кириши ыктымалдыгын тастыктап, система добуш берүүдө колдонуларын кошумчалады.
Буга чейин Жогорку Кеңеште дээрлик миллиард сомго оңдоп-түзөө иштери болору айтылган.
Ак үй 1984-жылы ишке берилген, 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.