Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трампка Украинанын кереги жок. Экс-министр Кулебанын маегинен

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинаны кереги жок деп эсептеп, Россия, тескерисинче, зарыл деген пикирде. Бул тууралуу Украинанын мурунку тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Жеке өзү Россия менен биригип көп жакшы нерсе жасоого болот деп эсептеп жатат, ошондуктан Россия ага керек. Украинанын ага эч зарылы жок. Болгону ушул. Бул киши азыркы абалды ушундай көрүүдө", — деп нааразы болду экс-министр.
Белгилей кетсек, 18-март күнү Россия президенти Владимир Путин Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Кремлдин маалыматы боюнча, АКШ лидери жаңжалдашкан эки тарапка 30 күнгө чейин бири-биринин энергетикалык объектилерине сокку урууну токтотууну сунуштаган. Путин аны колдогон. Владимир Зеленский да буга макул экенин айткан. Бирок эртеси эле Россиянын Коргоо министрлиги Киев режими Кубандагы нефть базаларына дрондор менен чабуул койгонун кабарлады. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев макулдашууну бузганына карабай сокку уруудан карманып турганын билдирген.
Андан бери Украина шартты бузуп бир канча ирет чабуул койду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп кен байлык боюнча Киев менен келишимдин башка өңүтүнүн четин чыгарды