Трамп АКШга өзгөчө абал режимин киргизди

Президент США Дональд Трамп
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп соодадагы тең салмактуулуктун жоголушунан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизгенин Ак үйдүн билдирүүсүнө таянуу менен РИА Новости кабарлады.
"Бүгүн АКШ президенти тышкы соода жана экономика жаатындагы саясат өлкөнү өзгөчө абалга кептегенин жар салды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта соода балансынын бузулушу өнөр жай базасын чоң зыянга учуратканы айтылат. Трамп АКШны башка мамлекеттердин пайдаланып кетишин каалабай турганын айткан.
Шаршемби күнү кечинде президент башка мамлекеттерден келген товарларларга бажы алымын киргизгени белгилүү болду. Эң азы 10 пайыз деп белгиленген, бирок тариф ар бир мамлекет үчүн өзүнчө каралып, алардын америкалык товарларга койгон бажы алымынын жарымын түзөрү айтылган.
Анткен менен пошлина киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинде Россия менен Беларусь жок.
Трамптын айтымында, бул АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулууга пайдаланылмакчы. ЕБ мамлекеттерине карата бажы алымы 20 пайызды түзөт.
Өз кезегинде АКШнын финансы министри Скотт Бессент пошлина киргизилген өлкөлөрдү жооп кайтаруудан оолак болууга чакырды. Аткаминердин айтымында, бул соодадагы тирешүүнү шарттайт.
АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ бир топ өлкөлөргө бажы салыгын киргизди. Ичинде Кыргызстан да бар