БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, "Борбор Азия — Европа биримдиги" саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан) иш сапары менен барды.
Өлкө башчыны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Бүгүн Жапаровдун Европа биримдигинин жана Европа комиссиясынын президенти менен жолугары күтүлүүдө. Ошондой эле Өзбекстан лидери менен да баарлашат.
Ал эми "Борбор Азия — Европа биримдиги" саммити эртең өтүп, өлкө башчы "Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү" аталышындагы эл аралык форумда сүйлөйт.
Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.