"Росатом" Кыргызстанга өзөктүк медицинаны жандандырууга жардам берүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Росатом" Кыргызстанга өзөктүк медицинаны жандандырууга жардам берип жатат. Бул тууралуу КРСУда өткөн "Өзөктүк медицина: тенденциялар жана артыкчылыктар, абалы жана Кыргызстандагы өнүгүү пландары" аттуу окуу семинарында "Росатом Кыргызстан" ААКсынын башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.
Иш-чарада Кыргыз-Россия Славян университети менен Улуттук изилдөө Томск политехникалык университетинин (ТПУ) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалууда. Бул Кыргызстанда инженердик жана медициналык билим берүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл. Анткени келечектеги адистерге өзөктүк технология тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. КРСУнун базасында өзөктүк медицина (медициналык физика) адистиги боюнча магистратура ачылат, ага 2025-жылдын сентябрында алгачкы кабыл алуу башталат.
КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков университет "Росатом" жана ТПУ менен кызматташууга даяр экенин, келечекте баары ойдогудай болоруна ишенерин белгиледи.
Ал эми Константинов КРСУга билим берүү программаларын түзүүдө, жаш адистерди даярдоодо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде өзөктүк медицинада ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан.
Өкмөт менен "Росатом" шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол койду