Ош — Алматы багыты боюнча авиакаттам ачылууда

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ош — Алматы багыты боюнча авиакаттам ачылууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Air Astana компаниясынын учактары 28-майдан баштап уча баштайт.
Каттамдар шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.
Үрүмчү — Ош жана Кашкар — Ош аба каттамдарын ачуу пландалууда