Стамбул менен Москвадан ашып кетти! Спикер Бишкектеги бааны көзөмөлдөөнү тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте тейлөө кызматындагы баалар асман чапчып кеткенин айтты.
"Кафе, ресторан, чачтарач, такси жана башка тейлөө кызматтарынын баары эби жок кымбаттап кеткен. Биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан: Стамбулдан, Москвадан ашат. Бизнеске тоскоолдук жок, бирок бааны реалдуулукка алып келиш керек. Оюна келген бааны коюп жатышат, мониторинг жүргүзгүлө", — деди спикер.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Женалы Орозбаев абалды көзөмөлгө алып, жооп берерин айтты.
Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөнкү инфляция катталган