Мамлекеттик банктар абхаз, армян номерлүү унааларды каттоого насыя берүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу үчүн мамлекеттик банктар унаа ээлерине 100 миң сомдук насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Чечим процессти тездетүү максатында кабыл алынганы айтылды.
Өлкөдө абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу 1-апрелден тарта башталган. Мыйзамдаштыруунун баасы — 100 миң сом.
Каттоого керектүү документтердин тизмеси менен да таанышып алсаңыз болот.
Жол милициясы жүргүнчүлөрдү жаткырып ташыган айдоочуларды аныктады. Видео