БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Көк бөрү оюнуна тыюу салынбайт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Буга чейин депутаттардын бир катары көк бөрү оюнун жок кылууга аракет болуп жатканын айтышкан.
Агенттик бул маалыматты четке кагып, Ноорузга карата өткөрүлчү турнир убактылуу токтотулганын, бирок көк бөрү оюнуна толугу менен тыюу салынбаганын белгиледи.
Ошондой эле мамагенттик жакында Көк бөрү федерациясы менен жоопкерчилик нормалары так жазылган кызматташуу келишимин биргеликте иштеп чыгарын билдирди. Мындан тышкары, көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландалган.
Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон.