Министрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, мектепке кабыл алуу санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө (ата-эненин макулдугу керек) жүргүзүлүүдө. Бирок бала эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Самыкбаева бул маалым каттарды 15-августтан кийин мектепке алып баруу керектигин белгиледи.
"Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тиешелүү токтом менен бекитилген. Келечекте бул медициналык маалым каттарды автоматтык түрдө алуу боюнча иш жүрүүдө", — деди Самыкбаева.
Ошондой эле ал электрондук күбөлүк менен мектепке каттоо дагы бириктирилип, окуучунун жеке маалыматтары дагы дароо толтуруларын кошумчалады.
PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет