Шашып кетиптирбиз. Депутат дарыгерлер иштен кетип жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө кайрадан уруксат берүү маселесин көтөрдү.
Эске салсак, буга чейин мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларына жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынган. Тийиштүү мыйзам 19-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Мурдагы министрдин сунушу менен мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салганбыз. Бул шашылыш кабыл алынган чечим болгон окшойт. Азыр региондордо бейтаптар жеке клиникаларга барууга мажбур болууда, анткени мамлекеттик ооруканалардан дарыгерлер кетип жатышат. Мамлекеттик ооруканалардагы маянаны жеке клиникалардын деңгээлине жеткиргенге чейин бул чечим эрте болду. Ошондуктан аны кайра карап чыгуу зарыл", — деди депутат Сулайманов.

Радио
Жетекчи дарыгерлердин жеке клиникада иштөөсүн чектеген чара талкуу жаратууда