БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын өрөөнүндө +16...+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +27...+29 градуска көтөрүлөт.