Бүгүн биз “Стоп кадр” уктуруусунда бир гана Кыргызстанда эмес чет өлкөлөрдө да ийгилик жараткан “Кыя” даректүү тасмасы тууралуу сөз кылабыз. Жаш режиссер Алтынай Адамалиеванын айтымында, бул долбоор Нарында кыш айларында тартылып, ишке ашкан. Жакында эле Түркияда өткөн Айдын Доган атындагы жаш медиа адистеринин фестивалында даректүү тасма категориясында 3-орунду багындырды. Быйыл сынакка миңден ашуун долбоор катышканын түрк басылмалары жазды.
Сынакта 14 номинация боюнча сыйлыктар берилди. Алтынай Адамалиева бул сынак “Кыя” тасмасынын 6-фестивалы экенин, буга чейин Кыргызстандагы фестивалдардан сырткары Россияда жана Беларусияда өткөн кино иш-чараларында финалист болуп катышып келгенин кошумчалады.