Герантология илими дүйнөдө жаш илим катары эсептелинет. Бул адамдын карылыгынын биологиялык, социалдык жана психологиялык аспектилерин, анын себептерин жана ага каршы күрөшүү жолдорун изилдөөчү илим. Ал эми гериатрлар улганган адамдардын саламаттыгын көзомөлгө алып, ушул куракта пайда болуучу ооруларды карап, изилдейт. Учурда өлкөдө улгайгандарга тийиштүү камкордук көрүлүп жатабы? Карылыкты тездетүүгө кандай факторлор негиз болот? Коомдон четтеп кетүү, өзүнө чек коюунун кесепети жана кайсы оорулар карыяларга кандай негизде пайда болору тууралуу баарлаштык.
“Ачык кеп” программасынын меймандары жогорудагы маселелердин алкагында кызыктуу маек куруп беришти.