Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?

Sputnik
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. 2025-2026-окуу жылында 1-класска жана 2-класска бара турган балдардын документтери санариптештирилген тармактар аркылуу чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле ата-энеси туруктуу жашаган аймактардагы мектепке кире алат. Демек, эми ата-энелер балдарды мектепке киргизүүдө мурдагыдай көптөгөн документтерди топтоп убара болбойт. 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылкылар 2-класска катталат.
“Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын конокторунун айтымындарында, ата-энелер быйыл 1-класста окуп жаткан балдарын 2-класска катташууда. Бирок ата-энелер мектепте окубаган балдарын гана катташы керек. Быйыл 1-класска жана 2-класска жалпы 250 миңдей бала барары күтүлүүдө.