2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрга чейин өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт. 10 жылда бир болот турчу бул каттоо акыркы 22 жылдан бери өткөрүлбөй келген. Каттоонун негизги максаты - эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу болуп саналат. Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 277 миллион сом бөлгөн, анын 90 пайызы кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6 700 кызматкер тартылат. Алар атайын окутуудан өтүп, күбөлүк жана комитеттин программасынын алкагында атайын QR-код менен даярдалган бейджи берилет. Бул каттоонун кызматкерлерин шылуундардан айырмалоого жардам берет.
Бул тууралуу бүгүнкү "Күн башат" берүүсүнүн коноктору маалымдашты.