Ошто бир айылдагы үйлөр бүт бузулат. Жогорку Кеңеш элди козутпоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ошто жол кеңейтилет деп бир айылдын үйлөрү бузулганы турат. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламентте билдирди.
Кеп Кара-Кулжа районундагы 152 түтүн жайгашкан Жийде айылы тууралуу болууда. Эл өкүлү 2023-жылы автожолдор жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салды. Ага ылайык, Жийде, Октябрь, Тоготой айылындагы жолдор мыйзамдагы 5-категорияга туура келет деп табылып, Жийде айылындагы үйлөрдүн 100 пайызын бузууга токтом чыккандыгын билдирди.
Ага чейин Жогорку Кеңештин төрагасы жолдорду кеңейтүү үчүн короолорду бузуп, жылдырып жаткан аткаруу бийлиги айрым учурда аша чаап кетип жатканын айткан.
"Аткаруу бийлиги муну этиятташ керек. Жөн жаткан элди козутууда. Кызыл сызыктан чыгып кеткендер өзү эле түшүнүп, бузуп, тартипке келтирүүгө макул. Бирок аша чаап кеткен учурлар болууда", — деди Нурланбек Тургунбек уулу.
ЖК депутаттары короолорду буздуруу модага айланганын айтып, мэрлерди сындады