БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өнөктөштөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Фонддун төрагасы Артем Новиков былтыр РКӨФ каржылаган компаниялар 136 миллиард сом пайда тапканын айтты.
"Ишканалардын экспорту 60 пайызга өсүп, 323 миллион долларды түздү. ЕАЭБге сатылган товардын көлөмү эки эсеге өскөн", — деди жетекчи.