БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Унаа" мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал пара алуу, документ жасалмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
"К.К. аттуу жаран INFINITY FX37 унаасын жасалма документ менен каттоо үчүн "Унаа" директорунун Ш.Б. аттуу орун басарына 1500 доллар пара берген. Документти Жайыл-Панфилов бөлүмүнүнө алып барып, ал жактан С.Д. аттуу адис кем-карчысын толуктап, унааны каттаткан. Мындан соң унаа үчүнчү жактарга сатылып, андан ары Казакстанга чыгарылып, ошол жакта катталган", — деп айтылат маалыматта.
Милиция учурда ишке тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча иштеп жатканы кошумчаланды.