БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зоя Вяткинага Россия президенти Владимир Путиндин атынан медаль тапшырылды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Дипломаттар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ардагерге барып, РФ жетекчисинин атынан ага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырышты.
"Сүйүктүү ардагерлерибизди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз жана аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, узун өмүр каалайбыз. Мекенге болгон сүйүүңүз, эрдигиңиз, баатырдыгыңызга ыраазычылык билдиребиз", — деп жазылган маалыматта.