Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы рекорд коюп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы рекорд жаңыртып жатканын Улуттук банк билдирди.
2-апрелге карата баалар:
жүз граммдык куйма – 903 327 сом;
унциясы (31,1 грамм) - 278 393,5;
10 граммдык — 89 420;
беш граммдык — 45 647;
эки граммдык — 19 022;
бир граммдык — 10 162.
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери эң кичинекей куймалар 1,3 миң сомго, эң чоңу 135 миң сомго жакын кымбаттады.
Белгилей кетсек, 2015-жылы алтын куймалар сатыла баштаганда бир граммдыгын 3,8 миңден, жүз граммдыгын 235 миңден сатып алууга мүмкүн болчу.
Алтын дүйнөлүк базарларда да рекорд коюуда. Учурда бир унциясы 3133 доллар турат (жыл башында 2646 доллар болгон).
2025-жылдын биринчи айында кыргыз алтынынын экспорту 3 эсеге кыскарды