БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен ипподром мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ипподром кампа, аткана, кеңсе жана 27,4 гектар жери менен менчиктештирлип кеткен.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Бул объектиде асыл тукум жылкыларды аныктоо жана таптоо боюнча иштер жүргүзүлүп келген. Кийин ипподром мыйзамсыз менчиктештирилип, аны алгандар жерди бөлүп, турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Объект Беловодск айылында жайгашканы кошумчаланды.