Көргөзмөгө Россиянын 35 университети катышууда. Иш-чара Бишкекте, Кантта, Кара-Балта менен Чолпон-Атада өтөт. Россиялык ЖОЖдордун программасы менен окуучулардан тышкары аспиранттар жана магистранттар да тааныша алат. Көргөзмөнүн алкагында Бишкекте сынамык тестирлөө өтүп, жогорку билим берүү боюнча консультация алууга мүмкүн болот.
"Россиядагы билим берүү — 2025" көргөзмөсүн "Московские классики" коомдук фонду Россотрудничествонун өкүлчүлүгү жана Билим берүү министрлигинин колдоосу менен өткөрүүдө.