РФ өкмөт башчысынын орун басары Оверчук Достук ордени менен сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Достук ордени менен сыйланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Алексей Оверчук менен жолугушкан. Анда эки өлкөнүн бир катар багыттар боюнча алакасы талкууланды.
Встреча главы Кабмина и зампреда правительства России
Жыйындын соңунда Алексей Оверчукка Достук орденин тапшыруу салтанаты өткөнү айтылды.
"Сиз өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы эле эмес, Кыргызстандын дагы ынак досусуз", — деген Касымалиев.
Өз кезегинде Оверчук сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бул жогорку сыйлык мени абдан кубандырды. Бул орден — биздин жалпы ийгиликтерибиздин таанылышы", — деди ал.
Садыр Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды