БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кандай жаңы медициналык технологиялар пайда болушу мүмкүн экенин Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде MedExpo долбоорунун жетекчиси Азат Шаймерденов айтып берди.
Белгилей кетсек, Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan аттуу эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 10 мамлекет катышууда. Көргөзмө саламаттыкты сактоо тармагындагы алдыңкы технологиялар, акыркы жетишкендиктер менен таанышууга, тармактын өкүлдөрү менен байланыштарды түзүүгө, медициналык маркетинг, менеджменттин актуалдуу маселелери боюнча семинарларга жана мастер-класстарга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Шаймерденовдун айтымында, республикада төмөндөгүлөр пайда болушу мүмкүн:
ооруларды эрте аныктоо үчүн аппараттар;
жогорку технологиялык операциялык системалар;
калыбына келтирүү комплекстери;
фармацевтикалык иштеп чыгуулар;
ооруну сүрөт боюнча аныктоо үчүн жасалма интеллект системалары;
алыскы аймактар үчүн телемедициналык комплекстер (бейтаптарды дистанттык диагностикалоого жана консультация алууга мүмкүндүк берет);
лазердик орнотуулар.
"Көргөзмөгө катышкан фармацевтикалык компаниялар Кыргызстанда заводдорду ачууну пландаштырууда. Булар — дос өлкөлөрдөн келген абдан чоң, белгилүү бренддер. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан азырынча алардын атын атагандын кереги жок", — деди Шаймерденов.