БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенттик администрациясында "Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети" жогорку билим берүү мамлекеттер аралык уюмунун башкаруу кеңешинин биринчи жыйыны өттү.
Курамына Кыргызстандан алты, Россиядан алты киши, жалпы 12 мүчө кирди. Жыйындын жүрүшүндө кеңештин төрагалыгына РФтин билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский бардык мүчөлөрдүн бир добушу менен шайланды.
Кеңеш ЖОЖдун мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган бир катар негизги документтерди кабыл алды:
2024-жылдын 14-октябрынан 2025-жылдын 2-апрелине чейин КРСУнун ректорунун милдетин аткарган Сергей Волковдун иши тууралуу отчёт;
университеттин 2030-жылга чейинки өнүгүү планы;
университеттин 2025-жылга карата бюджети;
товар, жумуш жана кызматтарды алуунун тартиби;
университеттин мүлктөрүн өзгөчө баалуу категорияга киргизүү тартиби;
уюштуруу жана ички көзөмөлдү ишке ашыруу жөнүндөгү жобо;
университет тарабынан түзүлгөн келишимдердин ирилиги боюнча критерийлери.
Мындан тышкары, КРСУнун камкорчулар кеңешинин курамы макулдашылган. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Россия-Кыргыз мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагаларынын отурумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КРСУнун жаңы кампусунун курулушу үчүн Кашка-Суу айылынан жер бөлүп берүү демилгесин колдогон.
Башкаруу кеңешинин кийинки отуруму июнь-июль айларында өтмөкчү.