Депутат: Өзбекстан аркылуу өткөн айдоочулар тонировка үчүн 15 доллар төлөп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Баткенге бараткандар Өзбекстан аркылуу өткөндө унаасы караңгылатылганы үчүн 15 доллар төлөп жатат. Бул тууралуу Дастан Бекешев бүгүн парламентте билдирди.
Ал тышкы иштер министрине кайрылып, маселени жөнгө салууну сунуштады.
"Унаасынын арты караңгылатылганы үчүн 15 доллар төлөшөт экен. Аны алыш үчүн кыргыз банктарынын биринин тиркемесин көчүрүп алышыптыр. Ал эми биз алардан албайбыз. ТИМ аркылуу ушуну сүйлөшүп, же алар албагандай кылыш керек, же биз дагы алардан 15 доллардан алалы. Муну өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында көтөрүү керек", — деди Бекешев.
Жээнбек Кулубаев маселени карап чыгарын айтты.
Депутат сууну үнөмдөө үчүн Россиянын жардамы менен АЭС курууну сунуштады