БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Новопавловкада жигитти бычактаган адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин УКМК билдирди.
Кол салуу 31-мартта "Халва" чайканасында болгон.
УКМКнын маалыматы боюнча, А.уулу Б., М.Н.М., Ч. уулу Э. жана С.А.С. сүйлөшүп алып, Н.уулу Б. кол салышкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
“Бычактоого катышкан адамдар бир нече жолу соттолгон. Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турат. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, — деди УКМК.