Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Иван Гришин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Sputnik
Майор Иван Гришин
Герой СССР из Кыргызстана Иван Гришин
Ал 1918-жылы 21-июлда Васильевка кыштагында (азыркы Аламүдүн району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Алты класстык билим алып, андан соң колхоздо иштей баштайт.
1938-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат. 1942-жылы кенже лейтенанттардын курсун аяктайт да, Улуу Ата Мекендик согушка аттанат. 1944-жылы 20-августта II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланат. Кавказдагы салгылашка, Польшаны бошотууга, Германиядагы согушка катышкан. 1945-жылы 25-февралда кыргызстандык жоокер Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
1945-жылы апрелде капитан Иван Гришин 1-Беларусь фронтунда 8-гвардиялык армиянын 39-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 112-гвардиялык аткычтар полкунун пулеметтук ротасынын командири болгон. Берлинди алууда каармандыгы менен айырмаланган. 1945-жылы 23-апрелде Шпре дарыясынан кечип, ротасы менен батыш жээктеги плацдармды басып алып, советтик калган күчтөрдүн суудан өтүшүнө шарт түзүп берген. Салгылашта Гришин душмандын бир нече аскери менен офицерин жок кылган.
1945-жылы 31-майда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен капитан Иван Гришин Советтер Союзунун Баатыры наамына татып, Ленин ордени жана Алтын Жылдыз медалы тапшырылган.
Согуштан кийин Советтик Армияда кызмат кылуусун уланткан. 1948-жылы офицердик курамдын кесипкөйлүгүн өркүндөтүү боюнча курстан өткөн. 1954-жылы "Выстрел" курсун аяктап, 1960-жылы майор чини менен запаска бошотулган.
1985-жылы 11-мартта СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгынын негизинде I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен, андан сырткары, Каармандыгы үчүн, Согуштагы эрдиги үчүн, Германиянын жеңгендиги үчүн медалдары менен сыйланган.
Иван Гришин Бишкек шаарында 2006-жылдын 13-декабрында көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстандан аттанып, СССР Баатыры болгон Степан Овчаров тууралуу баян