Депутат сууну үнөмдөө үчүн Россиянын жардамы менен АЭС курууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова суу тармагына өзгөчө кырдаал киргизип, өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, суу тартыштыгы өлкөдө эле эмес, региондук деңгээлде көйгөй болууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова
"Суу ресурстарын бөлүштүрүүнү кайрадан карап чыгуу керек. Өлкөдө энергетикага өзгөчө кырдаал киргизилген. Ушундай эле режимди суу пайдалануу багытында да колдонуп, өзүнчө министрлик түзүү зарыл. Афганстандагы каналдын курулушу жана башка маселелер көйгөйдү курчутууда. Суу тартыштыгын алдын алуу үчүн Россиянын көмөгү менен атомдук электр станциясын курууну карап чыгуу зарыл. Коңшу Казакстан менен Өзбекстан ушул багытта иш жүргүзүүдө", — деди Кожогулова.
Ал ошондой эле мөңгүлөр кыскарып жатканын эске салып, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырды.
Пресс-борбор
"Росатом" Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу маселеси кайсы этапта экенин айтты