Аттракциондон кулаган кыз. Ошол жерде иштеген оператор кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектин Панфилов паркындагы аттракициондон кулаган кыздын окуясынан кийин ошол жерде иштеген оператор кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары кармалган 24 жаштагы аттракциондун оператору убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Эске салсак, 31-мартта Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, башы жарылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Мэрия менен Панфилов паркы аттракциондон кулаган кыз боюнча үн катты